Греция АКШдан F-35 сурады

Ллойд Остин өлкөсүнө келген Николас Панагиотопулос менен Пентагондо жолугушту.

1856650
Греция АКШдан F-35 сурады

Грециянын коргоо министри Николас Панагиотопулос АКШнын коргоо министри Ллойд Остинден аларга F-35 согуштук учактарын сатууну суранды.

Ллойд Остин өлкөсүнө келген Николас Панагиотопулос менен Пентагондо жолугушту.

Жолугушуунун алдында басма сөзгө кыскача маалымат берген Остин, АКШ менен Грециянын коргонуу тармагындагы кызматташтыгынын «мурда болуп көрбөгөндөй күчтүү» экенин айтты.

Панагиотопулос болсо жолугушуунун АКШ менен Грециянын ортосундагы мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтып: «Албетте, бул өнөктөштүктүн жаңы негизи Грециянын эң акыркы үлгүдөгү F-35 согуштук учагын сатып алышы болот, бул АКШ менен Грециянын Куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнү, координацияны жана биргелешкен мүмкүнчүлүктөрдү арттырат»,-деди.



Тектеш кабарлар