АКШда Түркияга F-16 сатууга байланыштуу мыйзам долбоору

Өкүлдөр палатасынын Эрежелер боюнча комитети, АКШнын Коргоо департаментинин (Пентагон) 2023-жылдагы бюджетин камтыган Улуттук Коргонууга уруксат берүү мыйзамын (NDAA) талкуулады.

1854886
АКШда Түркияга F-16 сатууга байланыштуу мыйзам долбоору

АКШда грек лоббисине жакындыгы менен белгилүү болгон Нью-Хэмпширдин депутаты демократ Крис Паппас, Түркияга F-16 сатууну максат кылган эки мыйзам долбоорунун биринчисин артка кайтарып, экинчисин болсо кайрадан карап чыкты.

Өкүлдөр палатасынын Эрежелер боюнча комитети, АКШнын Коргоо департаментинин (Пентагон) 2023-жылдагы бюджетин камтыган Улуттук Коргонууга уруксат берүү мыйзамын (NDAA) талкуулады.

Көптөгөн конгресс мүчөлөрүнүн колдоосу менен Паппастын АКШнын Түркияга F-16 сатуусуна бөгөт коюуну максат кылган мыйзам долбооруна кошулуу сунушу да күн тартибинде болду.

Депутаттын курал сатууга тыюу салган биринчи мыйзам долбоорунун «кайрадан каралып чыгышы үчүн артка кайтарылганы» билдирилди.

Грек лоббисине жакындыгы менен белгилүү болгон депутаттын экинчи долбоорунун болсо жаңыланып сунуш кылынганы айтылды.

Бул мыйзам долбоорунда F-16нын Түркияга сатылуусу үчүн эки шарт коюлду.

Мыйзам долбоорунда Президенттин Сенат жана Өкүлдөр палатасынын Эл аралык байланыштар жана Куралдуу Күчтөр комитеттерине бул сатуунун Америка Кошмо Штаттарынын «улуттук кызыкчылыгына» туура келгенин жана бул F-16лардын Түркия тарабынан Грециянын аймагындагы уруксатсыз учуулар үчүн колдонулбашын камсыз кылууга карата так кадамдар боюнча кеңири түшүндүрмө бериши керектиги айтылды.

Мыйзам долбоорунун 2023-жылдын коргонуу бюджети мыйзамы менен мыйзамдашуусу үчүн Өкүлдөр палатасынын Башкы ассамблеясынан, Сенаттын тиешелүү комитеттеринен жана Жалпы кеңештен өтүшү керек.



Тектеш кабарлар