Греция токой өрттөрү менен күрөшүүдө

Өлкө боюнча таасирдүү болгон катуу шамалдын өрттү өчүрүү иштерин кыйындатканы айтылды.

1851932
Греция токой өрттөрү менен күрөшүүдө

Грециянын көптөгөн жерлеринде чыккан токой өрттөрүнөн улам кээ бир айылдардын жана бир мейманкананын эвакуацияланганы билдирилди.

Патрага жакын Амфисса аймагы, Ион деңизиндеги Закинтос аралы, Пелопоннес жарым аралынын аймагы, Афинанын түндүгүндөгү Шиматари аймагы, Салоникиге жакын Айнороз жарым аралы жана өлкөнүн батышындагы Илея шаарында токой өрттөрүн жерден жана асмандан өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өлкө боюнча таасирдүү болгон катуу шамалдын өрттү өчүрүү иштерин кыйындатканы айтылды.

Жарандык коргонуу башкармалыгынын буйругу менен айрым айылдар алдын алуу чарасы катары эвакуацияланса, Кранидидеги бир мейманкана эвакуацияланды. Мейманканада калгандар коопсуз аймакка которулду.

Өрткө кийлигишкен өрт өчүрүү кызматы, катуу шамалдан улам өрт коркунучунун бүгүн дагы улана турганын эскертти.



Тектеш кабарлар