Россиянын президенти Путин дүйнөлүк азык - түлүк кризисине токтолду

Россиянын президенти Владимир Путин азык-түлүк базарларындагы кырдаалдын трагедиялуу болбошу үчүн чаралар көрүлүшү керектигин билдирди.

1850476
Россиянын президенти Путин дүйнөлүк азык  - түлүк кризисине токтолду

Россиянын президенти Владимир Путин азык-түлүк базарларындагы кырдаалдын трагедиялуу болбошу үчүн чаралар көрүлүшү керектигин билдирди.

Владимир Путин өлкөсүнө келген Индонезиянын президенти Жоко Видодо менен борбор шаар Москвада жолугушту.

Жолугушуунун басма сөзгө ачык бөлүгүндө маалымат берген Путин глобалдык азык-түлүк кризисине токтолуп, Америка Кошмо Штаттарынын  чыгарган акчасына азык-түлүк сатып алганын, ошондуктан бул азыктардын баасы дагы жогорулаганын айтты.

Мунун өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн абалын начарлатканына көңүл бурган Путин : «Азык-түлүк абалынын трагедиялуу болбошу үчүн чаралар көрүлүшү керек»,-деди. 

Россиянын Украинадан дан эгин чыгарууга тоскоол болбогонун айткан Путин : "Украина башкаруусу порттордун кире беришине мина койду. Бул миналарды тазалап, ал жерден эгин чыгарууга эч ким тоскоол болуп жаткан жок. Коопсуздуктун сакталаарына кепилдик беребиз" деди. 

Мындан тышкары, Путин Украинадан дан эгиндерин Румыния, Польша, Беларусь жана Азов деңизи порттору аркылуу экспорттоого болорун жана бул маселе боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен байланышта экенин билдирди.

Дүйнөдө 800 миллион тонна дан өндүрүлгөнүн белгилеген орус лидери : 

"Россия былтыр тышкы рынокко 40 миллион тонна дан берген. Быйыл 50 миллион тонна дан берүүгө даяр",- деди.

Индонезиянын президенти Видодо Россия менен Украинанын ортосунда 24-февралда башталган согуштун дүйнөдөгү азык-түлүк ташууларына терс таасирин тийгизгенин белгиледи.

Россиядан  азык-түлүк жана Украинадан дан ташымайынча дүйнөдө азык-түлүк ташууну кайра жандандыруу мүмкүн эмес”,- деди.

Видодо G7 өлкөлөрүнүн лидерлеринен азык-түлүк жана жер семирткичтерге санкция киргизбөөнү суранганын кошумчалады.



Тектеш кабарлар