Индиядагы сел жана жер көчкүдө 117 адам каза болду
Штатта сел жана жер көчкүдөн улам 3510 айылда 3 миллион 300 миңден ашуун кишинин жабыр тартканы маалымдалды.
Индиянын Ассам штатында болгон сел жана жер көчкүдөн 117 адам каза болду.
Жергиликтүү апаат башкармалыгынын жетекчилеринин билдирүүсүндө штатта акыркы 24 саатта дагы 10 кишинин каза болгондугу, муну менен апрель айынан бери сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 117ге жеткени белгиленди.
Билдирүүдө штатта сел жана жер көчкүдөн улам 3510 айылда 3 миллион 300 миңден ашуун кишинин жабыр тартканы маалымдалды.
Жетекчилер сел тууралуу абалды абадан картага түшүрүү жана жетүүгө мүмүкн болбогон аймактарга жардам материалдарын жөнөтүү үчүн Качар аймагына эки учкучсуз учуучу аппараттын жайгашкандыгын жарыялашты.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.