Израилде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт

Израилдин Коомдук телерадиоберүү уюмунун (KAN) кабарына караганда, коалиция өнөктөштөрү Беннетт менен Лапид келерки аптада Ассамблеяны таратуу боюнча добуш берүүгө макулдашты.

1846007
Израилде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт

Израилде премьер-министр Нафтали Беннетт менен коалициялык өкмөттүн өнөктөштөрүнүн бири болгон тышкы иштер министри Яир Лапид Ассамблеяны таркатууга жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө макулдашкандыгы кабарланды.

Израилдин Коомдук телерадиоберүү уюмунун (KAN) кабарына караганда, коалиция өнөктөштөрү Беннетт менен Лапид келерки аптада Ассамблеяны таратуу боюнча добуш берүүгө макулдашты.

Парламент резолюцияны жактырса, Израил 3,5 жылдын ичинде бешинчи парламенттик шайлоо өткөрөт.

Коалиция өнөктөштөрүнүн макулдашуусуна ылайык, мөөнөтүнөн мурда шайлоого чейин тышкы иштер министри Яир Лапид убактылуу өкмөт башчы болот.



Тектеш кабарлар