Тунисте мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Тунис жакындарында  мыйзамсыз мигранттарды ташыган эки кеменин чөгүшү менен деңизге түшкөн 72 киши жээк коопсуздук топтору тарабынан куткарылды.

1843641
Тунисте мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Тунис жакындарында  мыйзамсыз мигранттарды ташыган эки кеменин чөгүшү менен деңизге түшкөн 72 киши жээк коопсуздук топтору тарабынан куткарылды. 

Коргоо министрлигинен берилген маалыматта Зерис шаары менен Керкена аралынын жакындарында мигранттарды ташыган эки кеменин чөккөндүгү билдирилди. Маалыматта : "Зерис жакындарында кемелери чөккөн африкалык 42 мигрант деңиз күчтөрүнө караштуу жээк коопсуздук топтору тарабынан куткарылды",- деп айтылды.  

Ливия жээктеринен 13 -  июнь күнү кечинде деңизге чыккандыгы белгиленген 42 мыйзамсыз мигранттын Улуттук Гвардия бөлүктөрүнө тапшырылгандыгы маалымалды. Ошондой эле өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө орун алган Керкена аралына жакын жерде  мигранттарды ташыган башка бир кеменин да чөгүшү менен африкалык 30 мигранттын куткарылгандыгы билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар