Согуштун жеңүүчүлөрү курал чыгарган компаниялар болушту

24-февралда башталган согуштун башынан бери батыш өлкөлөрүнөн Украинага курал жаады. Согуш дагы эле бүтө элек, бирок курал-жарак компаниялары эбак эле пайда көрүшкөн.

1841835
Согуштун жеңүүчүлөрү курал чыгарган компаниялар болушту

Орусия-Украина согушу америкалык жана европалык курал компанияларына пайда алып келди. Курал-жарак чыгарган компаниялар кирешесин эки эсеге көбөйтүштү.

Украина-Орусия согушунда миңдеген адамдар курман болду. Көптөгөн шаарлар тыптыйпыл болду.

24-февралда башталган согуштун башынан бери батыш өлкөлөрүнөн Украинага курал жаады. Согуш дагы эле бүтө элек, бирок курал-жарак компаниялары эбак эле пайда көрүшкөн.

НАТО өлкөлөрү Киев администрациясына 8 миллион доллардан ашык курал-жарак жардамын көрсөтүштү. Муну дагы деле улантып жатат.

Европа өлкөлөрү да Орусия менен мамилеси начарлагандан кийин мүмкүн болуучу тобокелдиктерге каршы чара көрө баштады. Коргоо бюджетин 200 миллиард еврого көбөйттү.

Бул процессте негизинен АКШнын курал-жарактары сатылды. Райтеон, Локхид Мартин жана Ноэртроп Грумман согуштун жеңүүчүлөрү болушкан.

Украинага АКШда жасалган 6500 танкка каршы Javelin ракетасы жөнөтүлдү. Бул ракеталардын ар бири болжол менен 78 миң долларды түзөт.

Вашингтон жардам катары Украинага америкалык компаниялар чыгарган радар системаларын да жөнөтөт. Киевге 1400 Стингер ракетасын берген АКШ өз запастарын толуктоо үчүн 625 миллион долларлык жаңы келишимге кол койду. АКШдан Украинага жөнөтүлгөндөрдүн арасында 700 камикадзе учкучсуз учак жана 50 миллиард ок да бар.

Согуштан пайда көргөн Европанын коргонуу өнөр жай топтору британиялык BAE Systems жана француз Thales болду. Бул фирмалар чыгарган ок-дарылардан тышкары Украинага танкка каршы жана зениттик ракеталар да жөнөтүлүүдө.



Тектеш кабарлар