Израиль күчтөрү жаралаган палестиналык каза болду

1 -  июнда Израиль күчтөрүнүн ок атуусу менен жаракат алган бир палестиналык каза болду

1841567
Израиль күчтөрү жаралаган палестиналык каза болду

1 -  июнда Израиль күчтөрүнүн ок атуусу менен жаракат алган бир палестиналык каза болду. 

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Батыш Шерианын Женин шаарына караштуу Ябад аймагында Израиль күчтөрүнүн ок атуусу менен оор жаракат алган Семих Амарна аттуу палестиналык ооруканада каза болду. 

Израиль күчтөрү 1 -  июнда оккупация астындагы Батыш Шерианын Женин шаарына караштуу Ябад айылына жасаган  кол салууда бир палестиналыкты өлтүрүп, 3 палестналыкты жаралаган.

Кол салуу Тель Авив жакындарындагы Бени Барак шаарына 29 -  мартта куралдуу кол салган Зия Хемаришенин үй  - бүлөсү жашаган үйдү кулатуу максатында болгон. 

 



Тектеш кабарлар