Финляндия менен Швецияда ЙПГ/ПКК террористтери митинг өткөрүштү
Финляндия парламентинин алдында чогулган терроризмди колдоочулар Финляндиянын НАТОго кирбешин талап кылды.
1841600
Финляндиянын борбор шаары Хельсинкиде жана Швециянын борбор шаары Стокгольмда жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын тараптарлары митинг өткөрүштү.
Финляндия парламентинин алдында чогулган терроризмди колдоочулар Финляндиянын НАТОго кирбешин талап кылды.
Террордук уюм ЙПГ/ПКК жактоочулары парламенттин алдында эки саат бою митинг өткөрүштү.
Швециянын борбор шаары Стокгольмда да Норра Банторгет аянтында террордук уюмдун колдоочулары чогулуп, митинг өткөрүштү. Митингде ПКК/ ЙПГ террордук уюмунун сиволдору жана террордук уюмдун башчысынын портреттри менен жүрүштү.
Тектеш кабарлар
Израиль-Ливан чек арасындагы чыңалуу...
Кол салуудан улам аймактагы кээ бир үйлөр жана унаалар жараксыз абалга келди.