Түндүк Корея кыска аралыкка учуучу 8 баллистикалык ракетасын сынады

Түштүк Кореянын Башкы штабынын маалыматына караганда, ракеталар жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:08-09:43тө борбор Пхеньянга жакын Сунан сыяктуу бир нече жерден учурулган.

1837762
Түндүк Корея кыска аралыкка учуучу 8 баллистикалык ракетасын сынады

кыска аралыкка учуучу 8 баллистикалык ракетасын сынады.

Түштүк Кореянын Башкы штабынын маалыматына караганда, ракеталар жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:08-09:43тө борбор Пхеньянга жакын Сунан сыяктуу бир нече жерден учурулган.

Кыска аралыкка учуучу 8 баллистикалык ракета сыноосунан кийин Сеул өкмөтүнүн улуттук коопсуздук саммитин шашылыш түрдө өткөрө турганы кабарланды.

Жапониянын премьер-министри Кишида Фумио Жапониянын улуттук өзгөчө аймагынын сыртына түшкөн ракеталарга байланыштуу Пхеньян администрациясына нота берилгенин белгиледи.

Тынчтык жана ырааттуулукту коркунучка салган сыноолорго чыдабай тургандарын белгилеген Кишида: «АКШ  жана Түштүк Корея менен тыгыз координацияда чалгындоо жана маалымат иш-чараларыбызды улантабыз»,-деди.

Жапониянын Коргоо министри Киши Нобуо да «(Түндүк Кореянын) Кыска убакыттын ичинде жана бир нече жерде абдан көп сандагы (ракеталарды) учуруусу адаттан тыш көрүнүш жана ушундай түрдө удаама-удаа учуруу кубаттуулугунун өнүктүрүлгөн болушу мүмкүн»,-деп сереп салды.

Сыноого байланыштуу билдирүүсүндө АКШнын Индо-Тынч океан күчтөрү (INDOPACOM) болсо,«(Түндүк Кореянын) бир нече баллистикалык ракета учурганынан кабардар экенин», жарыялады.

«(Түндүк Кореянын) мыйзамсыз курал программасынын туруксуздаштыруучу кесепеттерине» кайрылып, билдирүүдө АКШнын Түштүк Корея менен Жапонияны коргоого берилгендиги баса белгиленген.

Түштүк Корея-АКШ тарабынан 4,5 жылдан бери биринчи жолу өткөрүлгөн жана 3 күнгө созулган биргелешкен аскердик машыгуудан кийин сыноолордун болушу көңүлдү бурду.

Жапониянын Окинава аралынын жанындагы эл аралык суулардагы машыгуу 2017-жылдын ноябрь айынан бери АКШнын учак конуучу кемеси катышкан биринчи биргелешкен машыгуусу болду.

Акыркы сыноо менен Түндүк Корея 2022-жылдын башынан бери 17-ракеталык сыноосун өткөрдү.

Ошол эле учурда Түштүк Кореяда өткөрүлгөн жыйында Жапония, АКШ жана Түштүк Корея, Түндүк Кореянын ракета сыноолоруна каршы «үч тараптуу коопсуздук кызматташтыгын күчөтүү» боюнча макулдашты.



Тектеш кабарлар