Украина: «Орус армиясы чыгыштагы позициясын бекемдөөдө»

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө, орус армиясынын Украина куралдуу күчтөрүнүн чыгыш аймактарга илгерилешине жол бербөө үчүн бул аймактардагы турумдарын бекемдегени белгиленди.

1828190
Украина: «Орус армиясы чыгыштагы позициясын бекемдөөдө»
Yanan mühimmat Ukrayna daki çelik fabrikasının üstüne yağdı.jpg
Odessa Ukrayna.jpg
ukrayna SPR

Украина орус армиясынын украин аскерлеринин чыгыш аймактарга илгерилешине жол бербөө үчүн позициясын бекемдегенин билдирди.

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө, орус армиясынын Украина куралдуу күчтөрүнүн чыгыш аймактарга илгерилешине жол бербөө үчүн бул аймактардагы турумдарын бекемдегени, орус учактарынын чыгыш аймактардагы жарандык жана аскердик инфраструктура объектилери менен областтын  башка райондорундагы өнөр жай объектилерин бомбалаганы белгиленди.

Билдирүүдө орус күчтөрү украин армиясынын Слободанск жана Харьков багытында илгерилешине тоскоол болууга аракет кылып, Славянск багытында чабуул жасоого даярданганы, орус күчтөрүнүн Донецк багытына миномёттор, ракеталык системалар жана учактар менен Лиман багытындагы Дробишево шаарына чабуул жасаганы белгиленди.

Билдирүүдө орус күчтөрүнүн Сиротино, Выскрива, Камянка жана Угледар шаарчаларына жасаган чабуулдарынын ийгиликсиз болгону, орус армиясынын Каменской, Орехово, Новоселка жана Гуляиполь конуштарындагы жарандык инфраструктураларга ок чыгарганы белгиленди, ошондой эле Лиман, Таврида, Трудолюбовка жана Осокоровкада жайгаштырылган украин армиясына ок атканы белгиленди.

Орус учактарынын Одесса облусунун Белгород-Днестровский районуна ракеталык кол салуусунун натыйжасында жарандык инфраструктура объектилерине сокку урулганы жана жеке имараттардын кыйратылганы белгиленген билдирүүдө, Орус десанттык кемеси соккуга учураган Жылан аралына жакын сууларда орус күчтөрүнүн куткаруу иштерин жүргүзгөндүгү ортого салынды.

Билдирүүдө орус армиясынын акыркы суткада Донецк жана Луганск аймактарында 11 чабуулунун мизин майтарып, 5 танк, бир зениттик-ракеталык система, 6 артиллериялык система, 12 бронетехника жана унаа жок кылынганы, бир Су-25 учагы, 3 учкучсуз учуучу аппарат жана бир канаттуу ракетасы атып түшүрүлгөнү билдирилди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар