Ирландияда бир бала сырдуу гепатиттен каза болду

Оорудан улам дарыланып жаткан экинчи бир баланын боору алмаштырылды.

1826222
Ирландияда бир бала сырдуу гепатиттен каза болду

Ирландияда бир баланын сырдуу гепатиттен каза болгондугу  билдирилди. Өлкөнүн басма сөзүндө орун алган кабарга караганда Ирландиянын саламаттыкты сактоо кызматтары башкармалыгы 6 балада  сырдуу гепатиттин аныкталгандыгын,  балдардан бирөөсүнүн инфекциядан  каза болгондугун жарыялады.

Оорудан улам дарыланып жаткан экинчи бир баланын боору алмаштырылды.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  10 - майда берген билдирүүсүндө, Британияда  пайда болгон жана кийинчерээк көптөгөн өлкөлөргө жайылган сырдуу гепатит вирусунун ушул убакка чейин жалпысынан 348 кишиге жукканын билдирген.

Европанын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору  да кечээ дүйнө жүзү боюнча катталган бейтаптардын жалпы саны 450гө жакын экенин жарыялады.

Улуу Британияда өткөн айда чыккан жана кыска убакытта 20 өлкөгө жайылган белгисиз гепатит вирусунун Ковид - 19дан кийин жаңы глобалдык эпидемияга алып келиши мүмкүн экендигинен шектенилүүдө.

Акыркы жолу  Америка Кошмо Штаттарынын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору 6-майда вирустун 25 штатта 100дөн ашык балада байкалганын жана вирустун айынан 5 бала каза болгонун жарыялаган.

Индонезиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги да өлкөдө 14 учур катталып, 4 баланын каза болгонун жарыялады.

Вирус сарык, ич өткөк, кусуу сыяктуу симптомдорду көрсөтүүдө.



Тектеш кабарлар