Иранда жасалма алкоголдук ичимдиктерге ууланган адамдар каза болду

Хормузгандын Саламаттыкты сактоо илимдер университетинин басма сөз катчысы Фатма Неврузиан провинциянын борбордук шаары Бандар-Аббас шаарында жасалма спиртке уулангандар тууралуу Tasnim агенттигине маалымат берди.

1823719
Иранда жасалма алкоголдук ичимдиктерге ууланган адамдар каза болду

Ирандын Хормузган провинциясында жасалма алкоголдук ичимдиктерге ууланган 10 адам каза болду.

Хормузгандын Саламаттыкты сактоо илимдер университетинин басма сөз катчысы Фатма Неврузиан провинциянын борбордук шаары Бандар-Аббас шаарында жасалма спиртке уулангандар тууралуу Tasnim агенттигине маалымат берди.

Фатма Неврузиан: «Бандар-Аббас шаарында жасалма спиртке ууланган 75 адам ооруканаларга кайрылды. Бул бейтаптардын 10у каза болду»,-деди.

Каза тапкандардын биринин аял экенин белгилеген Неврузиан 4 кишинин абалынын оор экенин белгиледи.

Мусулман жарандарына спирт ичимдиктерин сатууга жана ичүүгө тыюу салынган Иранда алкоголдук ичимдиктер өлкөгө контрабандалык жол менен ташылып, ошондой эле кээ бир үйлөрдө жана цехтерде өндүрүлүшү мүмкүн.

Ирандын мыйзамдарына ылайык, алкоголдук ичимдиктерди чыгарган, сатып алган же саткандар абакка кесилип, камчы менен сабалат.



Тектеш кабарлар