Кытайдын Хунань аймагында имарат кулап 53 адам каза болду

Имараттын кулашына себепкер деген жүйө менен имараттын ээси да болгон 9 киши камакка алынды.

1823049
Кытайдын Хунань аймагында имарат кулап 53 адам каза болду

Кытайдын Хунань провинциясынын борбору Чанша шаарында ураган имаратта каза болгондордун саны 53кө жетип, 10 адам жаракат алды.

Жергиликтүү башкаруулардан берилген маалыматта 29 -  апрелде  ураган имараттын урандысында бир жумадан бери жүргүзүлүп жаткан куткаруу иштеринин  акырына чыккандыгы белгиленди. Уранды астында калган бардык кишилерге жетишилгендиги билдирилип,   каза болгондордун саны 53кө жеткендиги маалымдалды. 

Мурунку күнү түнкү сааттарда бир киши 132 саатта урандыдан куткарылды. Урандыдан чыгарылган аял куткарылган 10 -  киши болду. 

8 миллион калктуу Чанша районунда 700 метр квадраттык аянтка курулган көп кабаттуу имарат 29 -  апрелде ураган. 

Имараттын урашынан жооптуу деген негиз менен араларында имараттын ээси да болгон 9 адам камакка алынды. 

 

 



Тектеш кабарлар