Россия даниялык 7 дипломатты депортациялайт

Бул тууралуу маалыматта Даниядагы Россияга каршы саясаттардын эки тараптуу карым  - катнаштарга олуттуу зыян келтиргендиги билдирилди.

1822663
Россия даниялык 7 дипломатты депортациялайт

Россия даниялык 7 дипломатты депортациялоо чечимин чыгарды.

Россиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Даниянын Москвадагы элчиси Карстен Сондергаарддын министрликке чакырылып, 5 - апрелде Данияда 15 орус дипломатынын негизсиз түрдө «кааланбаган киши» деп жарыяланышы жана башкаруунун Украинага  аскердик жардам беришине нааразычылык билдирилгендиги белгиленди.

Даниядагы Россияга каршы саясаттардын эки тараптуу карым  - катнаштарга олуттуу зыян келтиргендиги билдирилген маалыматта : "Элчиге жооп катары Россиядагы Дания элчилигинин 7 кызматкеринин "кааланбаган киши" деп жарыялангандыгы тууралуу маалымат берилди. Бул кишилер эки жуманын ичинде өлкөдөн чыгып кетиши керек. Айрыкча Дания дипломатиялык  миссиясынын бир дипломатына виза берилген жок",- деп билдирилди. 

 



Тектеш кабарлар