Орусиянын Украинага кол салуулары уланып жатат

Львов шаарынын мэри Андрей Садовий социалдык медиа аркылуу билдирүү жасады.

1821829
Орусиянын Украинага кол салуулары уланып жатат

Украинанын Львов шаарындагы 3 электр түйүнү жабыркады.

Львов шаарынын мэри Андрей Садовий социалдык медиа аркылуу билдирүү жасап: «3 электр түйүнүнө ракеталар менен кол салуу болду. Шаарды электр жарыгы менен камсыздоодо көйгөйлөр бар. Окуя болгон жерде бардык топтор иштеп жатат»,-деди.

Тегеректеги имараттардын да жабыркаганын белгилеген Садовий, кол салууда 2 кишинин жаракат алганын айтты.

Бир тараптан Мариуполдон чыга албай калган украиналыктардын жакындары борбор шаар Киевге чогулуп, Орусияга каршылык көрсөтүштү.

Мариуполдогу “Азовсталь” өнөр жай ишканаларында орус аскерлери тарабынан курчоого алынган украиналыктар, коопсуз коридор түзүлбөгөндүктөн жана куралын таштоодон баш тарткандыктан дагы деле эвакуациялана элек.

Эл аралык демилгелердин натыйжасыздыгы Азовсталдан чыга албай калган украиналыктардын Киевдеги жакындарын нааразы кылды.

Аянтка чогулган эл колдорундагы баннерлер менен ураандарды кыйкырып, Орусияга каршылык көрсөтүштү.



Тектеш кабарлар