Финляндиянын президенти НАТОго мүчөлүк чечими тууралуу билдирди

Ниинистё Россиянын аскердик күчүн катаал түрдө колдонуусу тынчсыздануу  жаратканын белгиледи.

1820900
Финляндиянын  президенти НАТОго мүчөлүк  чечими тууралуу билдирди

Финляндиянын президенти Саули Ниинистё өлкөсүнүн НАТОго мүчө болуу же болбостугу  тууралуу чечимин 12-майда жарыялай турганын билдирди.

Аймактагы коопсуздук абалынын өзгөргөнүн белгилеген Ниинистё маалымат жыйынында өкмөт, саясий партиялар жана бейөкмөт уюмдар менен жолугушкандан кийин чечимин чыгара турганын айтты.

Ниинистё Россиянын аскердик күчүн катаал түрдө колдонуусу тынчсыздануу  жаратканын белгиледи.

Финляндия өкмөтү болсо НАТОго кирүү кайрылуусу  боюнча чечимин 14 - майда жарыялайт.

Швециянын жогорку тираждуу гезиттеринин бири «Expressenдин» кабарына караганда Швеция менен Финляндия 17-21-май күндөрү НАТОго мүчөлүк боюнча кайрылышат. 



Тектеш кабарлар