Конгодо жер көчкү 8 адамды басып калды

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, провинциянын Букаву шаарындагы Вима орто мектебинин жанында жер көчкү жүргөн.

1819374
Конгодо жер көчкү 8 адамды басып калды

Конго Демократиялык Республикасынын Түштүк Киву провинциясындагы жер көчкүнүн кесепетинен сегиз киши каза болду.

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, провинциянын Букаву шаарындагы Вима орто мектебинин жанында жер көчкү жүргөн.

Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болуп, 9 адам оор жаракат алды.

Издөө-куткаруу иштери уланып жаткан аймакта каза болгондордун саны көбөйөт деген кооптонуулар бар.

Жаан-чачын маалында нөшөрлөгөн жамгыр жааган өлкөнүн чыгышында бат-баттан жер көчкү жана суу ташкындары болуп турат.



Тектеш кабарлар