Судандагы зордук-зомбулук: 170 киши өлдү

Бул тууралуу Улуттук басма сөздө кабарлар орун алды.

1818340
Судандагы зордук-зомбулук: 170 киши өлдү

Судандын Батыш Дарфур аймагындагы эки уруунун ортосундагы кагылышууларда 170тей адам каза болду.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда 24-апрелде Синейна шаарынын Кырейник аймагында африкалык жана араб тектүү уруулардын ортосунда чыккан кагылышууда 170ке жакын киши каза болуп, ондогон киши жараланды.

Кечээ түштөн кийин Кырейниктин жанындагы конуштарга жайылып кеткен кагылышуулардан улам миңдеген тургун айланадагы шаарларга качууга аргасыз болду.

Дарфурдагы Качкындардын жана жер которгондордун жалпы координациясынын басма сөз катчысы Адам Ригал, жекшемби күнү куралчан топтордун Кырейник аймагына басып кирүүсүнөн 164төн ашуун киши набыт болуп, 100дөн ашууну жарадар болгонун айтты.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) карапайым калктын өлтүрүлүшүн айыптап, зордук-зомбулукту тез арада токтотууну жана ачык иликтөөнү талап кылды.



Тектеш кабарлар