Антонио Гутерриш Путин жана Зеленский менен жолугушат

БУУнун башкы катчысынын басма сөз катчысынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Гутеррештин жуманын башында Россия Федерациясына бара турганы жана жолугушууларды өткөрөрү белгиленди.

1816819
Антонио Гутерриш Путин жана Зеленский менен жолугушат

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш  Россиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушат.

БУУнун башкы катчысынын басма сөз катчысынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Гутеррештин жуманын башында Россия Федерациясына бара турганы жана жолугушууларды өткөрөрү белгиленди.

Маалыматта башкы катчынын Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен 26 -  апрелде иш алып баруу жыйынын өткөрөрү, андан кийин президент Путин тарабынан кабыл алынары билдирилди.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков да Гутерриштин 26 -  апрелде Путин жана Лавров менен жолугушарын тастыктады.

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысынын дагы бир жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, баш катчынын 28 - апрелде Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугушуусу, андан соң президент Зеленский тарабынан кабыл алынаары маалымдалды.

Гутерриштин БУУнун аймактагы мекемелеринин кызматкерлери менен да жолугуп, Украина элине гуманитардык жардамдарды көбөйтүүнү талкуулай турганы белгиленди.

Гутерриштин  20 - апрелде Россия менен Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүктөрүнө кат жолдоп, Украинада тынчтыкты орнотуу үчүн шашылыш кадамдарды талкуулоо үчүн Путинден Москвада жана Зеленскийден Киевде жолугушууну талап кылганы жарыяланды.



Тектеш кабарлар