Орус армиясы Украинага чабуулдарын улантууда

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Коношенков, орус армиясынын Украинадагы кыймылдары тууралуу маалымат берди.

1816238
Орус армиясы Украинага чабуулдарын улантууда

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Коношенков, Украинада 14 аскерий элементке жогорку тактыктагы ракеталар менен сокку урулганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Коношенков, орус армиясынын Украинадагы кыймылдары тууралуу маалымат берди.

Конашенков украин буталарына каршы жогорку тактыктагы курал колдонгондорун айтып: «Бир сутканын ичинде Украинанын Куралдуу күчтөрүнө таандык 14 аскердик объекти абадан учурулган жогорку тактыктагы ракеталар менен аткыланды. Натыйжада Попасная конушундагы башкаруу пункту, эки арсенал, аскерлер жана аскердик унаалар топтолгон эки аянтча, улутчулдарга таандык эки бекемделген позиция талкаланды»,-деди.

Конашенков Шнурки жана Славянскидеги ок-дарылар, Черкасское жана Александровка аймактарында болсо аскерлер жана аскердик техникалык унаалар чогулган аянттын аткыланганын, улутчул күчтөрдүн 120га жакын адамы менен 30дан ашуун бронетранспортер жана унаалардын жок кылынганын билдирди.

Орусиянын абадан операциялык тактикалык бөлүктөрүнүн бир күндө Украинанын 64 аскердик объектисине сокку урганын баса белгилеген Игорь Конашенков, ракета жана артиллериялык бөлүктөрдүн 450 аскерий элементти атканын айтты.

Ошондой эле орус абадан коргонуу ракеталык системасы Донецк аймагындагы Ясное отурукташуу жеринин айланасында бир украин учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүргөнүн белгилеп: «Бүгүнкү күнгө чейин Украина армиясына таандык 140 учак, 106 тик учак, 512 учкучсуз учуучу аппарат, 254 абадан коргонуу ракета системасы, 2422 танк жана бронетранспортер, 266 көп стволдуу ракета аткычтар, 1051 гаубицалар жана минометтор, 2274 атайын аскердик техника жок кылынды»,-деди.



Тектеш кабарлар