Африканын президенти Рамафоса Зеленский менен сүйлөштү

Украинанын Претория элчиси Абравитова, эки лидердин бул сүйлөшүүсүнүн Орусиянын президенти Владимир Путинге маанилүү билдирүү болгонун белгиледи.

1816056
Африканын президенти Рамафоса Зеленский менен сүйлөштү

Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Орусия-Украина согушун талкуулады.

Рамафоса Твиттердеги баракчасынан, Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Украинадагы кагылышуунун таасирлерин жана глобалдык кесепеттерин талкуулашканын айтты.

Рамафоса: «Украинанын континентибизге маанилүү азык-түлүк экспорттоочусу катары позициясы менен бирге дүйнөлүк жеткирүү түйүндөрүндөгү ордун таасир эткен кагылышууну токтотууга макулбуз. Зеленский келечекте Африка менен жакын мамилелерди күтүүдө»,-деди.

Украинанын Претория элчиси Любовь Абравитова басма сөзгө берген маалыматында, эки лидердин бул сүйлөшүүсүнүн Орусиянын президенти Владимир Путинге маанилүү билдирүү болгонун белгиледи.

Африканын эң ири экономикаларынын арасында орун алган Түштүк Африка Республикасы согуш башталгандан кийин Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) Орусияга каршы бардык добушка коюуларда калыс добушун берди.

Бул процессте Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган өлкөлөрдүн катарына кирбеген Түштүк Африка жаңжалдардын ортомчулук жана сүйлөшүү жолу менен гана чечилерин жактайт.



Тектеш кабарлар