Имран Хандын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү талабы

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Пакистандын Адилеттик кыймылы партиясынын лидери Хан кызматтан алынгандан кийин Пешаварда биринчи митингин өткөрдү.

1812318
Имран Хандын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү талабы

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө чакырып, антпесе элди көчөгө чыгара турганын билдирди.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Пакистандын Адилеттик кыймылы партиясынын лидери Хан кызматтан алынгандан кийин Пешаварда биринчи митингин өткөрдү.

Хан бул жердеги билдирүүсүндө: «Тез арада жаңы шайлоо жарыяланышы керек, антпесе элди көчөгө чыгарам», - деди.

Коомчулуктан өзүнө каршы чет элдик кутумга каршы тынчтык демонстрациясын өткөрүүнү суранган Хан, Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) Пакистанда аскердик базаны бербегендиктен Вашингтон өлкөдө режимди өзгөрткөнүн айтты.

Хан Пакистан АКШ үчүн күрөшүп жатканын, бирок Вашингтон бейкүнөө пакистандыктарды учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен өлтүрүп жатканын айтты.

Пакистандын Адилеттик кыймылы партиясынын лидери Хан 16-апрелде Карачиде митинг өткөрө турганын билдирди.

Өлкөдө үч мөөнөт премьер-министрлик кызматты аркалаган Наваз Шарифтин бир тууганы Шахбаз Шариф 11-апрелдеги шайлоодо 174 добуш менен абсолюттук көпчүлүктүн колдоосу менен премьер-министрликке шайланды.

Пакистанда 10-апрелде парламентте өткөрүлгөн ишеним добушунун жыйынтыгында 174 каршы добуш алган Имран Хандын өкмөтү кулаган.



Тектеш кабарлар