Мариуполдун шаар башчысы: «5 миң карапайым адам каза болду»

Мариуполь муниципалитетинин билдирүүсүнө караганда, мэр Бойченко видеоконференция аркылуу Орусиянын Украинага карaй кылмыштарынын саясий жана укуктук кесепеттери талкууланган тегерек үстөлгө катышты.

1808509
Мариуполдун шаар башчысы: «5 миң карапайым адам каза болду»

 

Украинанын Мариуполь шаарынын башчысы Вадим Бойченко курчоого алынган шаарда бир айда 210у балдар болгон 5 миңдей кишинин каза болгонун билдирди.

Мариуполь муниципалитетинин билдирүүсүнө караганда, мэр Бойченко видеоконференция аркылуу Орусиянын Украинага каршы кылмыштарынын саясий жана укуктук кесепеттери талкууланган тегерек үстөлгө катышты.

Бойченко бул жерде сүйлөгөн сөзүндө акыркы мезгилде өлкөсүнүн өнүгүү символу болгон Мариуполь азыр орус аскерлери тарабынан толугу менен жок кылынуу алдында турганын айтты.

Мэр Бойченко шаардын инфраструктурасынын 90 пайыздан ашыгы талкаланганын билдирип: «Булардын кеминде 40 пайызы эми калыбына келтирилбейт»,-деди.

Бойченко Европа өлкөлөрү украин элине каршы кылынган кылмыштарга жооп бериши керектигин айтып:«Алдын ала эсептөөлөр боюнча, блокаданын бир ай ичинде эле Мариуполдо 5 миңдей адам каза болду. Алардын 210у балдар. Орус террористтик аскерлери балдар ооруканасына бир нече күчтүү бомба ташташты. Ал No1 шаардык оорукананын имараттарынын бирин талкалап салды. 50гө жакын адам тирүүлөй өрттөлдү. Шаардагы 900дөн ашуун адам жашынган театрдын имараты бомбаланды. Булар Мариуполдун карапайым калкын максаттуу түрдө жок кылуунун бир нече мисалдары»,-деди.



Тектеш кабарлар