Британияда адамдар ресторан жана кафеде канча калория алгандыгын көрө алышат
Би-Би-Синин кабарына караганда, өлкөдөгү 250дөн ашык кызматкери бар ресторан, кафе жана пакет кызматын көрсөткөн ишканалардын менюларына тамак-аш жана суусундуктардын калориясын жазуу чечими кабыл алынды.
Бүгүнтөн тарта Британиянын ресторан, кафелеринде тамактанган адамдар тамак - ашы менен суусундугунда канча калория бар экенин көрө алышат.
Би-Би-Синин кабарына караганда, өлкөдөгү 250дөн ашык кызматкери бар ресторан, кафе жана пакет кызматын көрсөткөн ишканалардын менюларына тамак-аш жана суусундуктардын калориясын жазуу чечими кабыл алынды.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык кам көрүү департаменти семирүнүн өлкөдөгү маанилүү ден - соолук көйгөйлөрүнүн бири экенин жана калориялар тууралуу маалыматтын бөлүшүлүшү адамдардын тамак тандоосунда роль ойноорун билдирди.
Кээ бир ресторан ээлери тамак-аш жана суусундуктардын калориясы менюларда камтылышына каршы чыкса, тамактануу бузулуулары боюнча фонду бул чечимге канааттангандыгын билдирди.