Орусиянын Украинага кол салуулары, эвакуациялар

Львов Аймактык Аскердик Башкармалыгынын башчысы Максим Козский, кечээ күнү Львовго жакын жердеги күйүүчү май кампасына 2 жолу башкарылуучу ракеталык чабуулдун натыйжасында 3 ири жардыруу болгонун Telegram аркылуу билдирди.

1802478
Орусиянын Украинага кол салуулары, эвакуациялар
ukrayna tahliyeler.jpg
rusya lviv saldiri.jpg

Украинанын Львов шаарына жакын жердеги күйүүчү май цистернасынын 2 башкарылуучу ракета менен атылышынын натыйжасында келип чыккан жардыруулардан кеминде 5 киши жараланды.

Львов Аймактык Аскердик Башкармалыгынын башчысы Максим Козский, кечээ күнү Львовго жакын жердеги күйүүчү май кампасына 2 жолу башкарылуучу ракеталык чабуулдун натыйжасында 3 ири жардыруу болгонун Telegram аркылуу билдирди.

Биринин артынан бири болгон жардыруулардын натыйжасында эң аз 5 кишинин жараланганын белгилеген Козский орустардын абадан кол салуусунда шаардагы эч бир турак жайдын зыянга учурабаганын да билдирди.

Львов шаарынын мэри Андрей Садовый да Telegram аркылуу билдирүү жасап, Орусиянын бул шаарга ракеталык чабуулу кайталанып, дагы 3 жардыруу болгонун билдирди.

Ракеталык чабуулдун натыйжасында күйүп кеткен күйүүчү май чистерналарынын бир бөлүгү толугу менен күлгө айланды.

Шаардын борборунда ачык асман алдында өткөн концерт абадан кол салуудан мурун берилген сиреналардан улам үзгүлтүккө учурады.

Бир тараптан Украинанын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Александр Моцуяник, украин аскерлеринин борбор шаар Киевге кирүүнү максат кылган орус аскерлерин шаардын 70 километринен артка кайтарганын, баскынчылардын кээ бир жерлерде 35 километр артка чегингенин айтты.

Украинанын куралдуу күчтөрү да кечээ Суми аймагындагы Тростянес шаарын жана Запорожье аймагындагы Полтовка айылын орус аскерлеринен кайтарып алганын билдирди.

Украинанын Славутич шаарынын мэри Юрий Фомичев болсо шаар Орусия тарабынан оккупацияланганын билдирди.

Бул арада Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук, акыркы 24 саатта көбү Мариуполдон 5 миң 208 жаранды гуманитардык жардам коридорлору аркылуу коопсуз аймактарга эвакуациялагандарын айтты.

Верещук билдирүүсүндө 26-мартта жарандардын эвакуацияланышы үчүн 10 гуманитардык жардам коридорунун иштеп жатканын айтты.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар