Хусилер Сауд Арабиядагы Aramсого кол салды

Америка Кошмо Штаттары Йемендеги Иран колдогон хусилердин Сауд Арабияга карата кол салууларын айыптады.

1802275
Хусилер Сауд Арабиядагы Aramсого кол салды

Америка Кошмо Штаттары Йемендеги Иран колдогон хусилердин Сауд Арабияга карата кол салууларын айыптады.

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан : «Хусилердин Сауд Аравиядагы жарандык инфраструктурага жасаган кол салууларын айыптайбыз», - деди.

Aramсонун мунай продуктуларын бөлүштүрүүчү жайларына жана Жиддадагы башка шаарларга жасалган кол салууларды «террордук кол салуу» деп мүнөздөгөн Салливан : "Бүгүнкү кол салуулар 19 – 20 - марттагы суу бөлүштүрүүчү тармактарга жана энергетикалык инфраструктурага жасалган кол салуулар сыяктуу эле Иран тарабынан колдоого алынууда жана бул Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Йеменге курал жөнөтүүгө тыюу салган резолюцияларын бузуу болуп саналат",- деди.

Бир тараптан Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлиги : «Иран колдогон хусилердин өлкөгө жасаган кол салуулары мыйзамдарды жана эл аралык нормаларды бузуу», - деп жарыялады.

Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинин Твиттер эсебинен берилген жазуу түрүндөгү жарыясында хусилердин өлкөнүн ар башка аймактарында жарандарга жана мунай объектилерине карата кол салуулары айыпталды.

Билдирүүдө хусилердин өлкөгө кол салууларынын мыйзамдарды жана эл аралык нормаларды бузуу экендиги белгиленип, Сауд Аравиянын кайра-кайра кол салуулардан улам эл аралык базарларга мунай жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашынан жооптуу эместиги айтылды.

Хусилердин аскердик катчысы Яхя Сери, Сауд Арабиянын борбор шаары Эр - Рияд менен  Жидда, Жизан жана башка кээ бир аймактарда учкучсуз учактар ​​жана ракеталар менен кол салуу болгондугун айткан.

Араб коалициясынын SPAда жарыяланган билдирүүсүндө Сауд Арабияга карата кечээки кол салуулардын Йемендин борбор шаары Сана жана Худейда шаарларынан жасалганы белгиленди.



Тектеш кабарлар