Кытай Россиянын Украинага кол салууларын колдойт деген дооматтарды жалганга чыгарды

Кытай Россиянын Украинага кол салууларын колдойт деген дооматтардын «жаңылыш маалымат» экендигин жарыялады.

1801551
Кытай Россиянын  Украинага  кол салууларын колдойт деген дооматтарды жалганга чыгарды

Кытай Россиянын Украинага кол салууларын колдойт деген дооматтардын «жаңылыш маалымат» экендигин жарыялады.

Кытайдын Глобалдык телекөрсөтүү желесинин кабарына караганда Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Ву Чиан кээ бир батыш медиаларында Россиянын 24 - февралда башталган Украинага карата кол салууларына Кытайдын колдоо көрсөтөт деген билдирүүлөрүнө жооп берди. Ву батыштык маалымат каражаттарында айтылган дооматтардын «Кытайды каралоо аракети» экенин баса белгилеп, алардын «жалган маалымат» экенин айтты. Ву : «Кытай азыркы кризисти чечүү үчүн БУУнун уставынын максаттарын жана принциптерин ишке ашырууга, бардык өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүнө сый көрсөтүп,  коргоого тийиш деп эсептейт»,- деди.

Тараптардын мыйзамдуу коопсуздук тынчсызданууларын эске алуу керектигин белгилеген Ву келишпестиктердин  тынчтык жолу менен чечилишин, аймактын узак мөөнөттүү ырааттуулугуна көңүл буруу, тең салмактуу жана туруктуу тынчтык жана коопсуздук механизмин куруу зарыл экенин айтты.

 



Тектеш кабарлар