Орус күчтөрү Киевге кол салды

Кол салууда эки киши каза болду.

1797753
Орус күчтөрү Киевге кол салды

Орус армиясынын 24 - февралда Украинада баштаган кол салууларында  109 бала каза болуп, 130 бала жараланды.

Украинанын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө орус армиясынын бомбалоосунан 439 билим берүү мекемесинин зыянга учураганы, 63үнүн толугу менен талкаланып, жараксыз абалга келгени белгиленди. Билдирүүдө Россиянын кол салууларында алгачкы аныктамалар боюнча 109 баланын каза болгону, 130 баланын жараланганы белгиленди. Каза болгон 109 бала, Львов шаарында Рынок аянтында ташталган бош коляскалар менен эскерилди. Эскерүү аземине катышкан энелер балдары үчүн тынчсыздангандарын белгилеп, болгон окуялардын адамзат үчүн чоң уят экендигин айтышты. 

Ошол эле учурда, орус күчтөрү Украинанын борбор шаары Киевге кол салып эки киши каза болду. 

Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматынын билдиргенине караганда орус күчтөрү Святошинскийдеги кампалар болгон аймакка кол салган. Бомбалоодо эки киши каза болуп, аймакта өрт чыкты. Кол салуу жана өрттөнгөн кампалар тууралуу Украина бийлиги кенен маалымат берген жок. 

Орус күчтөрү тарабынан атылган ракета Киевдин Подльский районундагы жарандык конуштардын аймагына да түшкөн. Кол салууда 1 адам каза болуп, 4 киши жараланды.

Кол салууда бир мектеп менен бирге аймактагы көптөгөн батирлерге да олуттуу зыян келтирилди.

Жардыруунун таасири менен жакын жердеги кээ бир үйлөрдүн айнектери сынып, көптөгөн унаалар жараксыз абалга келди.

Россия Украинага карата баштаган кол салуусунун 22 -  күнүндө Львов шаарындагы учак оңдоочу жерди бутага алды. 

Львов муниципалитети орус ракеталарынын Львов аэропортуна жакын жердеги объектиге кол салуусу тууралуу: «Оңдоо борборундагы имараттар соккулардан улам талкаланды. Бирок объекттин активдүү иштөөсү алдын ала токтотулгандыктан, адам өмүрүнө зыян келген жок”,- деп билдирди. 

Мэр Андрей Садовый  львовдуктарды абадан кол салуу коркунучу боло турган болсо көрсөтмөлөрдү орундатуулары тууралуу эскертип, окуя болгон жерде сүрөткө түшпөө жана жетекчилерге көмөктөшүүгө чакырды. 

Учак оңдоочу жерди бомбалоо Россиянын Львов аймагына  жасалган экинчи кол салуу болду. Өткөн күндөрдө орус ракеталары Эл аралык тынчтыкты коргоо жана коопсуздук борборун бутага алып, 35 киши каза болуп, 134 киши жаракат алган. 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар