ЕБ өлкөлөрү эң көп марокколуктарга жарандык беришти

ЕБ жарандыгын алгандардын 85 пайызынын жарандыгы жок же ЕБге кирбеген өлкөнүн жараны экени белгиленди.

1798149
ЕБ өлкөлөрү эң көп марокколуктарга жарандык беришти

Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрү 2020-жылы эң көп марокколуктарга жарандыкты беришти.

Европа статистикалык кеңсесинин (Евростат) маалыматына ылайык, 2020-жылы ЕБ өлкөлөрүндө атуулдукка ээ болгон адамдардын саны 2019-жылга салыштырмалуу 3 пайызга өсүп болжол менен 729 миңге жетти. 

ЕБ жарандыгын алгандардын 85 пайызынын жарандыгы жок же ЕБге кирбеген өлкөнүн атуулу экени белгиленди. 

ЕБ өлкөлөрүнүн жарандыгына кабыл алынгандардын ичинен марокколуктар биринчи орунду ээледи. 2020-жылы 68 миң 900 марокколук ЕБ өлкөлөрүнүн жараны болушту. Марокколуктарга жарандык берген өлкөлөрдүн арасынан Испания, Италия жана Франция биринчи үч орунду ээледи.

Ошол эле жылы 50 миң 200 сириялык да Евробиримдиктин жарандыгын алды. Сириялыктардын 49 пайызы Швециянын жарандыгын алууга укуктуу болду. 

Албаниядан 40 миң 500 адам болсо ЕБ жарандыгына ээ болду. Бул адамдардын 70 пайызы итальян жарандыгын кабыл алды.

Румыниядан 28 миң 700, Бразилиядан 24 миң 100 киши ЕБ жарандыгын алса, 16 миң британиялык Евробиримдиктин атуулдугуна кабыл алынып, алардын 60 пайызы да Германия, Франция жана Швециянын жарандыгына ээ болушту.



Тектеш кабарлар