Орусиянын Борбордук банкы банктардан алтын сатып алууну токтотту

Өлкөдө физикалык алтынды сатып алууга болгон талап өстү.

1795871
Орусиянын Борбордук банкы банктардан алтын сатып алууну токтотту

Орусиянын Борбордук банкы, жарандардын физикалык алтынга болгон суроо-талабынын жогорулашынан улам банктардан алтын сатып алууну токтотконун жарыялады.

Орусиянын Борбордук банкынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өлкөдө физикалык алтынды сатып алууга болгон талаптын өскөндүгү белгиленди.

Бул өсүштүн өзгөчө сатып алуулардагы кошумча нарк салыгынын (КНС) жокко чыгарылышынан улам байкалганы кабарланган билдирүүдө: "Орусиянын Борбордук банкы жарандардын суроо-талабын канааттандыруу үчүн 15-марттан тарта кредиттик мекемелерден алтын сатып алууну токтотту"-делди.

Орусиянын Борбордук банкы 2014-жылдан бери Орусиядагы банктар менен бирге физикалык алтынды сатып алууну көбөйткөн болчу.

Банк 2020-жылдын март айында коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан улам сатып алууларды токтотуп, 24-февралда Орусия-Украина согушу башталганда 28-февралдан тарта сатып алууларды кайрадан уланткан эле.



Тектеш кабарлар