БУУ: «Орусиянын Украинага чабуулу дүйнөлүк тарыхтын жаңы жана кооптуу барагын ачты»

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин «Украинадагы Орусиянын агрессиясынын натыйжасында адам укуктарынын абалы» аттуу чукул жыйынынын ачылышында сөз сүйлөдү.

1789297
БУУ: «Орусиянын Украинага чабуулу дүйнөлүк тарыхтын жаңы жана кооптуу барагын ачты»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет Орусиянын Украинага кол салышы дүйнөлүк тарыхта жаңы жана кооптуу барак ачканын билдирди.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин «Украинадагы Орусиянын агрессиясынын натыйжасында адам укуктарынын абалы» аттуу чукул жыйынынын ачылышында сөз сүйлөгөн Бачелет: «Бир апта мурда Орусиянын Украинага жасаган аскерий чабуулу дүйнөлүк тарыхтын жаңы жана кооптуу барагын ачты»,-деди.

24-февралда башталган кол салуунун Украина боюнча миллиондогон адамдын укуктарына чоң таасир тийгизгенин белгилеген Бачелет: «Ядролук курал үчүн коркунучтун жогорку деңгээли бүткүл адамзат үчүн коркунучтардын олуттуулугун көрсөтүп турат»,-деп  эскертти.

Ал сүйлөп жатканда борбор шаар Киев, Харьков, Херсон, Суми, Житомир, Мариуполь, Лысычанск жана Северодонецк сыяктуу чоң шаарларга кол салуулардын күчөгөнүн белгилеген Бачелет: «Донецк аймагындагы Вольноваха шаары бомбалоолордон дээрлик толугу менен талкаланды жана анын калган тургундары жертөлөдө жашынып жатышат»,-деп айтты.

Бачелет Украинада мектеп жана бала бакчалар да болгон көптөгөн жарандык объектилердин олуттуу зыянга учураганын, негизги инфраструктурага олуттуу зыян келтиргендиктен электр энергиясы, суу жана саламаттыкты сактоо кызматтарында үзгүлтүктөр болгонун белгиледи.

Орус аскерлеринин Херсондун жанында 26-февралда оор жаралангандарды ташыган тез жардам унаасына ок чыгарганы кабарланганын белгилеген Бачелет, айдоочунун каза болгонун, фельдшердин жараланганын айтты.

Бачелет 24-февралдан бери Украинада эки миллиондон ашуун кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгонун, Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын эсептөөлөрүнө караганда, 1 миллион кишинин өлкө ичинде жер которууга аргасыз болгонун айтты.

БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын билдирүүсүндө 1 миллион 45 миң 459 качкындын коңшу өлкөлөргө өткөнү белгиленди.

Эл аралык гуманитардык укук талап кылган жарандардын жана колго түшкөн аскерлердин толук корголушун «катуу сунуш кылганын» баса белгилеген Бачелет, гуманитардык жардамдын өлкөгө толук жетүүсү үчүн чакырык салды.



Тектеш кабарлар