Түркиянын Варшавадагы элчилигинен түрк жарандарына билдирүү
Түркиянын Варшавадагы элчилиги Украинадан Польшага барууга аракет кылган түрк жарандары үчүн жаңы билдирүү таратты.
Түркиянын Варшавадагы элчилиги Украина-Польша чек ара бекеттеринде эл көп болгонун билдирип, түрк жарандарына Украинадан Румыния, Венгрия жана Словакия чек аралары аркылуу чыгуусун сунуштады.
Түркиянын Варшавадагы элчилиги Украинадан Польшага барууга аракет кылган түрк жарандары үчүн жаңы билдирүү таратты.
Элчилик Твиттерде төмөнкүдөй билдирүү жасады:
"Украина-Польша чек ара бекеттеринде тыгын болуп жатат. Ондогон километр узундугунда унаалар жана миңдеген жөө жүргүнчүлөрдүн кезеги бар. Ушул алкакта жарандарыбызга мүмкүн болсо Румыния, Венгрия жана Словакия чек арасы аркылуу Украинадан чыгып кетүүнү сунуштайбыз. Польшага келе тургандарды да тосуп алууну жана эвакуациялоону улантабыз”.
Тектеш кабарлар
Израилдин согушту улантуу планы
Израиль армиясынын X социалдык медиа эсебинде темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.