Орусиянын Украинага кол салууларына дүйнө жүзүнөн каршы чыгуулар айтылууда

Мексикадан Иранга, Франциядан Колумбияга чейин миңдеген киши аянттарда Орусияга каршы чыгып, Украинага колдоо билдирүүсүн айтып жатышат.

1786408
Орусиянын Украинага кол салууларына дүйнө жүзүнөн каршы чыгуулар айтылууда

Орусиянын Украинага жасаган чабуулдарына дүйнөнүн төрт бурчунан каршы чыгуулар болуп жатат.

Мексикадан Иранга, Франциядан Колумбияга чейин миңдеген киши аянттарда Орусияга каршы чыгып, Украинага колдоо билдирүүсүн айтып жатышат.

Орусиядагы демонстрацияларда коопсуздук күчтөрү 467 кишини кармады.

Париж, Лондон, Афина, Нью-Йорк, Мельбурн, Тегеран, Берн, Токио, Богота жана Бухарест сыяктуу шаарларда да жүздөгөн адамдардын катышуусунда нааразылык акциялары өттү.

Мексиканын борбор шаары Мехико шаарында Орусиянын элчилигинин алдына чогулган бир топ аялдар Украинага каршы кол салууларга күтүлбөгөн демонстрация менен нааразылык көрсөтүштү.

Үйлөнүү үлпөт көйнөгүн кийген митингге чыккан аялдар колдоруна гүл кармап тынчтык кабарын беришти.

Канадада Украина желегинин түстөрү Ниагара шаркыратмаларында чагылдырылды.

Швейцариянын Берн шаарында 20 миң киши Украинаны колдоо үчүн жөө жүрүшкө чыкты.

Орусиянын кол салуусуна Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы имаратынын алдында да нааразылык айтылды.

Пакистандын Лахор шаарында адвокаттар Украинаны колдоо үчүн чогулушту.

 

Жогорку соттун алдына чогулган демонстранттар Украинанын президенти Владимир Зеленскийди колдошту.

Орусия Украинага каршы аскердик операциясын 24-февралда баштаган.



Тектеш кабарлар