Россиянын Украинага кол салуусунун үчүнчү күнү...

Шаардын конуштуу аймактарында таңга чейин кагылышуу жана жарылуу үндөрү угулду.

1785847
Россиянын Украинага кол салуусунун үчүнчү күнү...

Россиянын аскердик бөлүктөрү борбор шаар Киевдин көчөлөрүндө түнү да Украина  күчтөрү менен кыгылышты. 

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин түндүн оор өтөрү жана Киевди жоготпоо керектиги боюнча эскертүүсүнөн кийин эң көп шаардын конуштуу аймактарында таңга чейин кагылышуу жана жарылуу үндөрү угулду. 

Орус бөлүктөрүнүн Киевдин батыш тарабындагы киришинин Жеңиш проспектисинен көчө кагылышуулары менен кирүүгө аракет кылгандыгы билдирилди. 

Украинанын кургактык күчтөрүнүн басма сөз кызматы жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:08ден тарта Жеңиш проспектисинин   айланасындагы аскер бөлүгүнө жасалган чабуулдун мизин кайтарып, абалдын тынч экенин билдирди.

Поезд станциясы жайгашкан район менен бирге шаардын чыгышындагы ТЭЦ жайгашкан Троещина районунан да курал үндөрүнүн угулгандыгы айтылды. 

Киев аймагындагы Васильков конушунда катуу куралдуу кагылышуулардын болгондугу маалымдалды.  

Васильков шаарынын мэри Наталья Баласиновичтин билдирүүсүндө, көп сандаган орус аскери парашют менен аймакка конгон. Баласинович шаарда кагылышуулардын болгонун жана орус аскерлеринин ракеталык кол салууларды жасаганын, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн арасында да каза болгондордун болгонун айтты.

Украинанын Башкы штабы да Фейсбук баракчасынан  берген маалыматында украин армиясынын бир орус тик учагын, 2 Су - 25 согуштук учагын жана Ил -7 6 жүк ташуучу  учагын атып түшүргөнүн билдирди.

Билдирүүдө орус аскерлеринин Киев аймагындагы Васильков шаарына парашют менен конууга аракет кылганы, борбор шаар Киевдин көчөлөрүндө кагылышуулардын уланганы белгиленди.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар