Кышкы Олимпиадаларда бейтап саны көбөйүп баратат

23 -  январда  эпидемиядан коргоо системасы ишке киргенден тарта аныкталган бейтап саны 418ге жогорулады.

1776817
Кышкы Олимпиадаларда бейтап саны көбөйүп баратат

Кышкы Олимпиадалар өтүп жаткан Пекинде Борбор шаар эл аралык аэропорту, олимпиада айылдары жана уюштуруу борборлорун камтыган "жабык схема системасында" 11 COVID-19 бейтабынын катталгандыгы билдирилди.

Уюштуруу комитетинен берилген маалыматка караганда, 10 -  февралда аэропортто тесттен өткөн кишилерде 2, олимпиада айылдары менен уюштуруу борборлорунда 9 бейтап катталды. Бейтаптардын жетөөсүнүн спортчу жана команда кызматкерлери, төртөөсүнүн «башка кызыкдар тараптар» деп аталган медиа өкүлдөрү жана демөөрчү командаларынан экени билдирилди.

23 -  январда  эпидемиядан коргоо системасы ишке киргенден тарта аныкталган бейтап саны 418ге жогорулады.  

Пекин 2022 Кышкы Олимпиадалары Ковид  - 19дун жайылышын алдына алуу максатында спортчулар жана ыктыярчылардын  кыймыл аянттарынын шаардан  «жабык  схема» системасында  обочолонгондугу билдирилди.

Саламаттыкты сактоо боюнча жетекчилер Кышкы Олимпиадалар үчүн шаарга барган кишилерде жана олимпиада өткөрүлгөн жерлерде аныкталган бейтаптарды өз өзүнчө бөлүп, жалпы  суммага кошпойт.

 

 



Тектеш кабарлар