Канадада баңги затынан каза болгондордун саны өсүүдө
Мамлекеттик соттук-медициналык экспертиза институтунун башчысы Лиза Лапоинте, 2020-жылы баңги затын колдонуудан 1716 адамдын каза тапканын билдирди.
Канаданын батышындагы Британская Колумбия провинциясында өткөн жылы 2224 адамдын баңги зат колдонуудан каза болгону кабарланды.
Мамлекеттик соттук-медициналык экспертиза институтунун башчысы Лиза Лапоинте, 2020-жылы баңги затын колдонуудан 1716 адамдын каза тапканын билдирди.
Лапойнте өткөн жылы болсо баңги заттын ашыкча дозасынан улам 2224 адамдын көз жумганын жарыялады.
Баңгизаттын ашыкча дозасынан улам күнүнө орто эсеп менен 6,1 кишинин каза тапканын белгилеген Лапоинте: "Эгер салыштыра турган болсок, коронавируска (Ковид-19) байланыштуу өлүмдөр 12-орунда турат"- деди.
Лапоинте баңги затка байланыштуу өлүмдөрдүн аймакта рактан кийинки экинчи орунда турганын айтты.
Тектеш кабарлар
Кытайдын космос станциясындагы тайконавт тобу Жерге кайтып келди
Шинкоу-17 космостук капсуласы Гоби чөлүндөгү Дунфин талаасына конду.
Нетаньяху Рафахка кургактан кол салуу темасында көшөрүүдө
Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу сүйлөшүүлөрү кыйыр түрдө уланууда.