Гутерриш Си Цзиньпин менен жолугушту
БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысынын билдирүүсүнө караганда, 2022-жылкы Пекин Кышкы Олимпиада оюндары үчүн Кытайга барган Гутерриш мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолугушту.
1774068
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинден Шинжаң-Уйгур автономиялуу районуна кирүүгө уруксат берүүнү суранды.
БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысынын билдирүүсүнө караганда, 2022-жылкы Пекин Кышкы Олимпиада оюндары үчүн Кытайга барган Гутерриш мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен жолугушту.
Жолугушууда аймактык маселелер, өзгөчө Ооганстан, климаттын өзгөрүшү, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясына каршы күрөшүү жана Ковид-19 вакцинасына бирдей жетүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Гутерриш ошондой эле Сиден БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелеттин Шинжаң-Уйгур автономиялуу районуна баруусуна жана адам укуктарынын абалына байкоо жүргүзүүсүнө уруксат берүүнү суранды.