АКШ Түндүк Кореянын ракета сыноолоруна каршы дипломатиялык жолдорго кайрылат

Түндүк Корея жекшемби күнү Hwasong - 12 алыс аралыкка учуучу баллистикалык ракетасын сынап, жылдын  башынан бери 7 - ракеталык сыноосун өткөрдү.

1771590
АКШ Түндүк Кореянын ракета сыноолоруна каршы дипломатиялык жолдорго кайрылат

Америка Кошмо Штаттары Түндүк Кореянын жаңы жылда күчөгөн ракета сыноолоруна каршы дипломатиялык жолдорго кайрылат.

Йонхаптын кабарына караганда, АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс күнүмдүк маалымат жыйынындагы билдирүүсүндө, Пхеньян ракета сыноолоруна каршы дипломатиялык демилгелерде болуу үчүн жолдорду издеп жатканын, бирок бир тараптан да Түндүк Кореяны  өз аракеттери үчүн жоопко тартуу үчүн түрдүү кадамдар менен алдыга жылгандыгын айтты.

Түндүк Кореянын баллистикалык жана атомдук курал программасынын көптөн бери келе жаткан бир көйгөй экенин баса белгилеген Прайс, бул темада Корея жарым аралынын ядролук куралдан арылуусун көздөгөн дипломатиялык демилгелерге көңүл бурган бир мамилени иштеп чыккандарын айтты.

АКШ башкаруусунун Пхеньяндын курал программасын колдогон 8 түндүк кореялык жана жана уюмга санкция салганын эске салган Прайс, бул сенкцияларды БУУнун деңгээлинде да сүйлөшкөндөрүн белгиледи.

АКШнын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Жон Кирби, басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, Түндүк Кореяга каршы эң жакшы жолдун дипломатия экенине ишенгендерин жана Вашингтондун Пхеньян башкаруусу менен эч кандай шартсыз диалог курууга даяр экенин айтты.

Түндүк Кореянын баллистикалык ракета программасынын өнүккөнүнөн тынчсыздангандарын билдирген Кирби Пхеньян башкаруучулугун провокацияларын токтотууга жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине баш ийүү менен коңшуларына коркунуч болуудан баш тартууга чакырды.

Түндүк Корея жекшемби күнү Hwasong - 12 алыс аралыкка учуучу баллистикалык ракетасын сынап, жылдын  башынан бери 7 - ракеталык сыноосун өткөрдү.



Тектеш кабарлар