Лавров менен Блинкен эртең сүйлөшүү өткөрөт
Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова маалымат берди.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун эртең америкалык кесиптеши Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрөрү кабарланды.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, Лавров менен Блинкендин ортосунда 1-февралда телефон аркылуу сүйлөшүү болорун билдирди.
Захарова азырынча эки министрдин бетме-бет жолугушуусу пландалбаганын белгиледи.
Лавров менен Блинкен акыркы жолу 21-январда Швейцариянын Женева шаарында Украина темасындагы чыңалуудан улам жолугушкан болчу.
Тектеш кабарлар
Кытайдын космос станциясындагы тайконавт тобу Жерге кайтып келди
Шинкоу-17 космостук капсуласы Гоби чөлүндөгү Дунфин талаасына конду.
Нетаньяху Рафахка кургактан кол салуу темасында көшөрүүдө
Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу сүйлөшүүлөрү кыйыр түрдө уланууда.