Борис Жонсон Украина кризиси боюнча Путин менен сүйлөшөт жана аймакка барат

Англиянын премьер-министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта премьер-министр Жонсондун «Европада кан төгүлүүнүнүн алдын алуу үчүн дипломатиялык аракеттерди тездетүүгө чечкиндүү экени» белгиленди.

1770417
Борис Жонсон Украина кризиси боюнча Путин менен сүйлөшөт жана аймакка барат

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Украина кризисине байланыштуу «кан төгүлүүнүн алдын алуу» үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшөт жана келерки аптада аймакка барат.

Англиянын премьер-министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта премьер-министр Жонсондун «Европада кан төгүлүүнүнүн алдын алуу үчүн дипломатиялык аракеттерди тездетүүгө чечкиндүү экени» белгиленди.

Бара турган аймакка байланыштуу убакыт жана жер маалыматы бөлүшүлбөгөн билдирүүдө Жонсондун орус лидери Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө да «Орусияга артка кадам таштоо жана дипломатиялык карым-катнаштарды куруу зарылдыгын дагы бир жолу кайталайт»,делди.



Тектеш кабарлар