Иран менен Орусиянын ортосундагы энергетикалык келишимдер
Ирандын мунай министри Жавад Ужи Орусиянын борбор шаары Москвада орус кесиптеши Николай Шульгинов менен болгон жолугушуусу тууралуу маалымат берди.
Иран Орусия менен энергетика тармагында маанилүү келишимдерге кол койгондорун жана жыйынтыгын жакында көрө тургандарын билдирди.
Ирандын расмий агенттиги IRNAга маек курган Ирандын мунай министри Жавад Ужи, Орусиянын борбор шаары Москвада орус кесиптеши Николай Шульгинов менен болгон жолугушуусу тууралуу маалымат берди.
Бир ай мурда комплекстүү энергетика планын даярдап орус фирмаларына сунушташкандарын айткан Ужи: «Орусия менен энергетика тармагында маанилүү келишимдерге кол коюлду. Орусиянын көптөгөн ири компаниялары менен мунай жана жаратылыш газ кендерин кеңейтүү, нефтини кайра иштетүүчү заводдорду куруу жана технологияларды өткөрүү боюнча жакшы келишимдер түзүлдү»,-деди.
Жавад Ужи орус органдары жана энергетика компаниялары менен түзүлгөн келишимдердин жыйынтыгынын жакын арада көрүнө турганын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Кытайдын космос станциясындагы тайконавт тобу Жерге кайтып келди
Шинкоу-17 космостук капсуласы Гоби чөлүндөгү Дунфин талаасына конду.
Нетаньяху Рафахка кургактан кол салуу темасында көшөрүүдө
Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу сүйлөшүүлөрү кыйыр түрдө уланууда.