АКШда бир үйдө өрт чыгып 13 адам каза болду

Өрт өчүргүчтөр тарабынан көзөмөлгө алынган өрттүн себеби азырынча билдириле элек.

1757747
АКШда бир үйдө өрт чыгып 13 адам каза болду

АКШнын Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында бир  үйдөн чыккан өрттөн 13 адамдын каза болгондугу билдирилди.

Жергиликтүү маалымат каражаттарында жарыяланган кабарга караганда Филадельфия шаарында 3 кабаттуу имаратта таңга маал өрт чыккан.

Өрттөн 13 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган.

Өрт өчүргүчтөр тарабынан көзөмөлгө алынган өрттүн себеби азырынча билдириле элек.



Тектеш кабарлар