АКШнын коргоо министри Covid-19га чалдыкты

Остин жазуу түрүндө билдирүү жасап, Ковид-19га чалдыкканын кабарлады.

1755962
АКШнын коргоо министри Covid-19га чалдыкты

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) коргоо министри Ллойд Остиндин Ковид-19 тестинен вирус аныкталды.

Остин жазуу түрүндө билдирүү жасап, Ковид-19га чалдыкканын кабарлады.

Белгилери байкалгандан кийин анализ тапшырганын жана тесттин жыйынтыгы оң чыкканын маалымдаган Остин, оорусунун белгилери жеңил экенин жана 5 күн үйүндө карантинде болоорун айтты.

Остин карантин учурунда келерки аптадагы маанилүү жыйындарга онлайн катышууну пландаштырып жатканын жана бардык ыйгарым укуктардын өзүндө болорун билдирди.

Ллойд Остин берки темаларда болсо АКШнын коргоо министринин орун басары Кэтлин Хикстин өкүлдүк кыларын айтты.

Байланышта болгон бардык адамдардын тест тапшырарын маалымдаган Остин АКШнын президенти Жо Байден менен акыркы жолу 21-декабрда жолугушканын жана 2021-жылдын 30-декабрынан бери Пентагондо болбогонун белгиледи.



Тектеш кабарлар