Япония менен Европа Биримдиги кызматташууда

Япониянын премьер-министри Кишида Фумио Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1740642
Япония менен Европа Биримдиги кызматташууда

Япония менен Европа Биримдиги (ЕБ) «Эркин жана Ачык Индо-Тынч океан аймагын» түзүү үчүн биргелешип иштөөнү чечишти.

Япониянын премьер-министри Кишида Фумио Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу жана аймактык маселелерди талкуулады.

Япониянын Тышкы иштер министлигинин билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө эки тарап «Эркин жана ачык Индо-Тынч океан аймагын» түзүү боюнча биргелешип иштөө жөнүндө макулдашты.

Кишида Мишелге ЕБ жүргүзүп жаткан "Индо-Тынч океан стратегиясы" үчүн ыраазычылык билдирди.

Кишида менен Мишель кибер коопсуздук, жашыл технологиялар жана Япония-ЕБ экономикалык өнөктөштүк келишиминин алкагында алардын жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун бекемдөө боюнча макулдашышты.



Тектеш кабарлар