Газпром менен Молдова келишти

Куприянов Молдованын келечекте төлөмдөрү менен бирге келишимге ылайык мамиле кылууларын күтүшкөндөрүн белгиледи.

1738322
Газпром менен Молдова келишти

Россиянын энергетика компаниясы Газпромдун өкүлү Сергей Куприянов келишим боюнча төлөбөгөн Молдовага жаратылыш газын өткөрүүнү токтотпоо чечимин чыгаргандарын жарыялады.

Куприянов борбор шаар Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берип, Молдованын Газпромго кайрылганын белгилеп, жаратылыш газын өткөрүүнүн токтотулбашын талап кылганын айтып : "Молдовага карызын төлөө үчүн берилген мөөнөттү узартууну чечтик. Молдова карызын 26 - ноябрда төлөө убадасын берди", — деди.

Куприянов Молдованын келечекте төлөмдөрү менен бирге келишимге ылайык мамиле кылууларын күтүшкөндөрүн белгиледи.

Газпромдун 22 - ноябрда берген билдирүүсүндө, төлөмдөрдү төлөбөгөндүктөн Молдовага өтүүчү жаратылыш газзынын 48 сааттын ичинде токтотулары билдирилген.



Тектеш кабарлар