Афганистанда мечитке бомбалуу кол салуу болду

Кол салууда 15 киши жаракат алды.

1733268
Афганистанда мечитке бомбалуу кол салуу болду

Алгачкы маалыматтарга караганда, Афганистандын чыгышындагы Нангархар провинциясынын Спин - Гар районундагы мечитке жума намаз учурунда жасалган кол салууда 2 киши каза болуп, 15 киши жаракат алды.

Талибандын жетекчилеринен  алынган маалыматка караганда, Спин - Гар районундагы Тирилей мечитинде жума намаз учурунда жарылуу болду.

Алгачкы маалыматтарга караганда, жардыруудан 2 киши каза болуп,15 киши жаракат алды.

Бомба мечиттин минбарына коюлганы билдирилип, кол салуунун жоопкерчилигин эч ким моюнга ала элек. 



Тектеш кабарлар