Непал жана Индияда сел жана жер көчкү жүрдү

Индия жана Непалда тынымсыз жааган жамгыр жол ачкан сел жана жер көчкүлөрдө 161 адам каза болду.

1723046
Непал жана Индияда сел жана жер көчкү жүрдү

Индия жана Непалда тынымсыз жааган жамгыр жол ачкан сел жана жер көчкүлөрдө 161 адам каза болду.

Непалдын Ички иштер министрлиги берген маалыматта бүгүн дагы 11 адамдын каза болушу менен өлкөнүн түрдүү жерлеринде сел жана жер көчкүдөн улам каза болгондордун саны 88ге жеткендиги билдирилди.

Өлкөнүн табигый кырсыктарды башкаруу департаменти каза болгондордун көбү жер көчкүдөн болгондугун, 30 кишиден кабар алына албай жаткандыгын маалымдады.

Индиянын түштүгүндөгү Керала штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон сел жана жер көчкүлөрдө дагы 2 адамдын сөөгү табылып, каза болгондордун саны 27ге жетти, ал эми түндүк штаты Уттаракханда 46 адам каза болду.

Ушундайча  эки штатта болгон сел жана жер көчкүлөрдө каза болгондордун саны 73кө жетти.

Эки штатта тең жолдор менен көпүрөлөр сел жана жер көчкүдөн улам кулап,  ал эми көптөгөн үйлөр матреиалдык зыян тартты.



Тектеш кабарлар