Азербайжан жана Армениянын лидерлери сүйлөшүүгө жылуу карап жатышат

Армениянын премьер - министри Никол Пашинян Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушууга даяр экенин жарыялады.

1714613
Азербайжан жана Армениянын лидерлери сүйлөшүүгө жылуу карап жатышат

Пашинян Литванын борбору Вильнюстагы армян коомчулугу менен жолугушуусунда  Алиевдин жолугушуу чакырыгына жооп берип, Азербайжандын президенти  менен жолугушууга даяр экендигин айтты. Пашинян : «Мен июль айынын башында жогорку деңгээлде, башкача айтканда, тышкы иштер министри,  премьер-министр жана президенттик деңгээлде жолугушууга даяр экендигибизди айткам",- деди.  

Илхам Алиев Армения менен карым  - катнаштарды калыбына келтирүүнү каалашкандарын билдирген. Испания басма сөзүнө маек берген Алиев Пашинян тууралуу : «Пашинян даяр болгон учурда аны менен сүйлөшүү аламын. Мен сүйлөшүүлөргө ачыкмын»,- деген.

Алиев Армения менен эки өлкөнүн жеринин бүтүндүгүн өз ара таануунун негизинде карым  - катнаштарды калыбына келтирүүнү каалашкандарын айтып : «Согуштун бүткөндүгүнө жана ал беттин жабылгандыгына байланыштуу мыкты бир белги боло аларын ойлоп жатам.  Бул абдан маанилүү. Анткени армян саясатында өч алуу аракеттерин, келечекте тарыхый жана эл аралык мыйзамдын негизинде таанылган жерлерибизди кайра алуу үчүн түзгөн пландарын азыр да көрүп жана угуп жатабыз»,- деген.  



Тектеш кабарлар